Жалал-Абадда ат басып калып, эки бала каза болду

Жалал-Абадда ат басып калып, эки бала каза болду

Жалал-Абадда 12 жана 8 жаштагы бала ат басып калып, каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 5-ноябрь күнү болгон. Сузак районунун Барпы айылдык ооруканасынан райондук милицияга болжол менен саат 16:00до Барпы айыл аймагында 12 жана 8 жаштагы балдар ат басып калып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Балдар атка учкашып баратканда, ат кокустан тайып жыгылып, эки өспүрүм баланы басып калып, алар окуя болгон жерде каза болгон.

Бул маалымат Сузак райондук милициясында маалыматтардын электрондук журналына «Кокустук» болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя жерине милициянын тергөө-ыкчам тобу чыгышып, маркум балдардын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, тиешлеүү материалдар чогултулган.

«Текшерүү учурунда каза болгон балдардын ата-энеси окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрдүүдөн баш тартышкан», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: кырсык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>