Ош шаарындагы медколлеждин кызматкери окууга кабыл алуу үчүн акча алууга шектелүүдөПутин менен Трамп бир сааттык телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү — толук маалыматКыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү алмаштыЖКда мектеп формасына коюлган талаптарды жумшартуу жана мугалимдерди коргоо сунушталуудаКүн ачык болот: 9-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болду
Жалал-Абадда бир жумада 19 мас айдоочу кармалды
18.01.2021 | 14:26
Жалал-Абад облусунда бир аптада 19 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 09-январдан 16-январга чейинки бир жума аралыгында жалпы 1330 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Анын ичинен 19 айдоочу автоунааларын мас абалында, 451 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 11 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн, ж.б. жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 819 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Жума ичинде жалпы 102 автоунаа атайын айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар