РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Азисхан Мусабек уулу Көчмөндөр оюндарындагы жеңиши менен спорттук карьерасын жыйынтыктады
04.09.2026 | 10:02

Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Азисхан Мусабек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алтын медаль тагынгандан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктады.
32 жаштагы спортчу үчүн бул турнир карьерасындагы акыркы мелдеш болду. Мусабек уулу — салттуу спорт түрлөрү боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ошондой эле бел боо жана алыш күрөштөрү боюнча спорт чебери.
Финалдык беттеште кыргызстандык балбан жеңишке жетип, алтын медалды багындырды.
Беттеш аяктар замат Мусабек уулу бут кийимин чечип, килем үстүнө калтырды. Күрөш түрлөрүндө мындай жөрөлгө спорттук карьеранын аяктаганын билдирет.
Ошентип, Кыргызстан курамасынын капитаны өзүнүн акыркы беттешин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңиш жана алтын медаль менен жыйынтыктады.
Теги: ВИК, Кыргызстан