Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Ош шаарындагы медколлеждин кызматкери окууга кабыл алуу үчүн акча алууга шектелүүдө
09.09.2026 | 10:38

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы медициналык коллежинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү Л.Д.М. абитуриенттерди бюджеттик негизде окууга кабыл алуу чечимдерин чыгаруу үчүн акча алып турган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар