Энергетика министрлиги: Токтогул ГЭСиндеги мүчүлүштүк Казакстандагы жарыктын өчүшүнө себеп болгон эмесЫсык-Көлдө кеме куруучу жайларды, эллингдерди жана калкыма платформаларды куруу сунушталууда — мыйзам долбоору«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда коррупциялык схема аныкталып, мамлекеттик кызматкерлер кармалдыМинкаб төрагасы 14-августтагы электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырдыКыргызстандын ИДПсы жети айда 11,1%га өстүЭсептөө палатасынын аудити Финансы министрлигинин тутумунан 110 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады — толук маалымат
Жалал-Абадда бир жумада 31 мас айдоочу кармалды
22.12.2020 | 13:19
Жалал-Абадда бир аптада 31 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын облустук бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан, облус аймагында 12-декабрдан 19-декабрга чейин жалпы 1200 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 31 айдоочу автоунааларын мас абалында, 461 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 16 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алган.
Ошондой эле жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 692 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.
Бир жумада жалпы 92 автоунаа атайын айып короого токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом