2021-жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталды

2021-жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталды

2021-жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда пандемия учурунда бизнес тармагы оор жоготууларга учурады. Буга байланыштуу Кыргызстанда 2021-жылды “Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо” жылы деп жарыялоо сунушу Талант Мамытовго жиберилген.

Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды “Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо” жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз”, – деди Мусуралиев.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>