Бишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылдыАдылбек Касымалиев Минск шаарына жумуш сапары менен барат«Былтыркы сүрөт»: КУУда дене тарбия сабагы өтүлүүчү жайлар тууралуу билдирүүлөргө жооп беришти30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтотот
Жалал-Абадда чагылган түшкөн турак үй күйүп кетти, ичинде 3 бала болгон
08.04.2023 | 22:46
Жалал-Абад облусунда турак үйгө чагылган түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 8-апрелде таңкы саат 04:15тер чамасында Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде (көчөсү жок) жайгашкан турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен.
“Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган Б.А., 2009-жылы туулган Б.Э. (эгиз балдар) жана 2009-жылы туулган А.М. аттуу эркек балдар терезеден качып чыгышкан. Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом