Жалал-Абадда эл аралык аэропорт пайда болот

Жалал-Абадда эл аралык аэропорт пайда болот

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту ААК менен Жалал-Абад облусундагы алтын кенин иштетип жаткан “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКнын акционерлеринин ортосунда ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Анын натыйжасында түркиялык инвесторлор тарабынан “Кербен” аймактык аэропортун реконструкциялоо жана кеңейтүү ниетин билдиришкен.

“Кербен” аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштеринен кийин жүргүнчүлөр каттамын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы “Кербен” аэропортун модернизациялоого өз ара пайдалуу шарттарда менчик формасын өзгөртүү укугусуз түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдору талкууланып жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бул кызматташуунун жыйынтыгында “Кербен” аэропортунда ИКАОнун эл аралык стандарттарына жооп берген жаңыланган учуп-конуу тилке пайда болот.

Реконструкцияланган аба майдан эл аралык аэропорт макамын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул кызматташтыкты жүзөгө ашыруу ири чет элдик инвестор менен түздөн-түз кызматташуунун ачык-айкын мисалы болуп, аймактар ортосунда жарандарга көздөгөн жерге тез арада жетүүлөрүнө шарт түзүлөт.

Маалымат үчүн: 

“Эти Бакыр Терексай” – “Кыргызалтын” (25%) менен түркиялык “Эти Бакыр” (75%) компаниясынын биргелешкен ишканасы.

2015-жылы түрк инвесторлору Терек, Тереккан жана Перевальное алтын кендерин иштетүү боюнча тендерди жеңип алышып, үч кенди иштетүү укугу үчүн 20 миллион доллар төлөп беришкен.

Инвестор — белгилүү Cengiz Holding конгломератынын курамына кирген түркиялык ири Eti Bakir A.S компаниясы.

Ал энергетика, тоо-кен казып алуу, курулуш, туризм жана башка көптөгөн тармактарда иш алып барган компаниялардын финансы- өнөр жай тобу болуп саналат.

Eti Bakir AS Түркиядагы эң ири тоо-кен жана жалгыз жеке жез өндүрүүчү компания.

Компания ири жез кендери Кастамон Куре жана Артвин Мургулда кендерди иштетет, концентрациялоо заводдорун иштетет, Самсундагы эритүү жана электролиз заводдорун иштетет, катод жезин жана күкүрт кислотасын өндүрөт.

Ошондой эле компания Түркиядагы эң ири жез өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат жана өлкөнүн 8-9%дан ашык керектөөлөрүн камсыздайт.

Мындан тышкары, Eti Bakir A.S компаниясы Түркия рыногунда электр энергиясынын болжол менен 30%ын өндүрөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>