Саламаттыкты сактоо негизги тармактардын бирине айланууда — Адылбек КасымалиевУрматбек Боржиев: «Дарыгер бир өмүр үчүн, ал эми жетекчи миңдеген өмүрлөр үчүн жооп берет»Венесуэладагы жер титирөө: каза болгондордун саны 2 954кө жеттиИзраиль согушка көз каранды болуп калды — Режеп Тайип ЭрдоганТерек–Чаты–Терек жана Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолдорунда кыймыл калыбына келтирилдиОш шаарынын мэри жаңы суу түтүгүнүн курулушун тездетүүнү тапшырды
Интернеттен таанышкан жигитке жолушууга кеткен кыздын жансыз денеси табылды
23.03.2021 | 17:04
Алматы шаарында үч күн мурун дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Аяжан Эдилованын туугандары кыз жоголгонун айтып, жардам сурашкан. Аяжан 19-март күнү кечинде жумуштан чыгып, үйүнө кайтып келген эмес. Кыздын жакындары 20-мартта милицияга телефон чалып, кыз дайынсыз болуп жаткандыгын айткан.
Тергөө учурунда кыз жоголгон күнү социалдык тармактарда таанышкан жигит менен жолугушууга чыккандыгы аныкталган. Кыз кылмыштын курмандыгы болгону айтылат.
Ал эми шектүү катары 1993-жылы туулган Түркстан облусунун тургуну кармалган. Ага карата “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.