Жалал-Абадда башына ок тийген адамга операция жасалды

Жалал-Абадда башына ок тийген адамга операция жасалды

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын нейрохирургдары баш мээге оор операция жасашты.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, медицина илимдеринин кандидаты, облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын эмгегинин аркасында бейтапты сактап калууга мүмкүн болгон.

Аталган ооруканага башына октон жаракат алган бейтап түшкөн. Ок бейтаптын башынын оң жагына тийип, мээге кирип кеткен.

Белгиленгендей, операция ийгиликтүү өткөн, бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>