Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирдин» 11 мүчөсү кармалды — видео

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирдин» 11 мүчөсү кармалды — видео

Жалал-Абад облусунда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелип «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-октябрда Сузак районунун Кургак-Көл айылында ай сайын өткөрүлүүчү «чогулушта» аталган уюмдун лидери А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү колго түшүрүлгөн. Алар Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

«Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат сактаган каражаттар жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта кармалгандар УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган. Алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>