Зордуктоого шектүүнү милиция кое бергенине жабырлануучу нааразы

Зордуктоого шектүүнү милиция кое бергенине жабырлануучу нааразы

Бишкекте милиция кызматкерлери зордуктоо боюнча ишти жабууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу жабырлануучунун курбусу Instagram баракчасында билдирди.

Кыз окуя 20-октябрда болгонун жазган. Ошол эле күнү жабырлануучу зордуктоо фактысы боюнча милицияга кайрылган.

«Курбума психологиялык басым жасалып жатат.  Анын бир кызы бар. Ага акча алууну жана окуяны унутууну сунуштап жатышат. Шектүү жигит зордуктоо фактысын мойнуна алса дагы ошол эле күнү үйүнө чыгарып жиберишкен. Экспертизанын жыйынтыгында биоматериал табылган. Бирок шаардык милициянын кызматкерлери ишти жабуу үчүн андан 300 миң сом талап кылышкан», — деп жазган жабырлануучунун курбусу.

Ал эми Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн жабырлануучу тарабынан милицияга арыз түшкөнүн тастыкташты. Кыз 19 жаштагы жигитке карата чара көрүүнү суранган.

Жабырлануучунун айтымында, 20-октябрда саат 10.00дөр чамасында Бах-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде ал жигит физикалык күч колдонуп зордуктаган.

Аталган факт маалымат журналына катталды. Арыз ээсине тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында шектүү күбө катары суракка алынган.

«Сотко чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>