Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
Жалал-Абадда “Курманбек” стадиону жаңыланды
16.05.2024 | 09:18
Жалал-Абад шаарындагы жаңыланган Курманбек стадиону ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Анын ачылышына Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Анда 5000 орундук, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (калыстардын видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулат.
Оңдоо иштери Кыргыз футбол союзу жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аткарылган. Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берет.
Рубрики: Жаңылыктар