Жалал-Абадда милиция жолдо калып калган туристтерге жардам берди

Жалал-Абадда милиция жолдо калып калган туристтерге жардам берди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башка башкармалыгынын жана Таш-Көмүр шаардык милициясынын кызматкерлери Таиланд жана Англиядан келген туристтерге жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, туристтер Кыргызстандын тоолуу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош — Бишкек жолунун 451-чакырымында унаасы бузулуп калган. Унаасын бир нече күн оңдой албай, ошол жерде туруп калышкан. Аларды ЖКККББнын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн жана Таш-Көмүр шаардык милициясынын кызматкерлери көрүп, бузулуп калган унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин сүйрөп келип беришкен. Ошондой эле туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен.

«Өз кезегинде туристтер милиция кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, ыраазычылык билдиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>