«Коен» аттуу УКТнын мүчөсү УКМКнын тергөө абагына камалды. Буга чейин ал арматура менен сабалган

«Коен» аттуу УКТнын мүчөсү УКМКнын тергөө абагына камалды. Буга чейин ал арматура менен сабалган

Ош шаарында жаш жигитке бычак сайган деп шектелип кармалган Майрамбек Низамов УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Майрамбек Низамов быйыл январь айында Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн чыры учурунда арматура менен сабалган жаран болгон.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча, 22-июлда милицияга 2001-жылы туулган жаран кайрылган. Ал арызында шаардагы бассейндердин биринде эс алып жатканда белгисиз жаран менен кайым айтышып кетип, аталган адам бел жагына бычак сайып, андан кийин качып кеткенин билдирген. Шектүү кылмыш чөйрөсүндө «Коен» деген каймана ат менен таанымал Майрамбек Низамов болуп чыккан. Ал 9-августта колго түшүрүлгөн.

Анын баш коргоо чарасы 11-августта каралып, сот Майрамбек Низамовду 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

28 жаштагы Майрамбек Низамов мурда бир нече жолу соттолгон.

Эскерте кетсек, быйыл 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө (Майрамбек Низамов) оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Буга чейин Ош шаардык ооруканасынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

30-мартта бул иш боюнча тогузунчу шектүү кармалганы кабарланган.

Кийинчерээк бул иш сотко өткөн. Бул иш боюнча кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 122 (адам өлтүрүү), 37 (кылмыш жасоого аракеттенүү), 262 (кылмыштуу коомдоштукту түзүү), 367-беренелери (кылмышты жаап жашыруу) боюнча айып тагылган.

Ошто арматура менен сабалган жаран жаш жигитке бычак сайган деп кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>