Жалал-Абад облустук милициясында генералдар менен жолугушуу өттү

Жалал-Абад облустук милициясында генералдар менен жолугушуу өттү

ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү, бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облустук милициясынын өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жолугушууга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, ИИМдин Генералдар клубунун мүчөлөрү, милициянын отставкадагы генерал-майорлору Рашид Тагаев, Абдукапар Мавлянов, Шеркозижан Мирзакаримов, Жалал-Абад ОИИБнин начальниги Жеңишбек Абитов, шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, өздүк курам жана Ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө генералдар кыргыз милициясынын кадыр-баркын жогору көтөрүү жана элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууда ар бир кызматкерди талыкпастан эмгектенүүгө чакырган. Андан сырткары, Жалал-Абад облустук милициясы дайыма ийгиликке жетишкен, элге кызмат кылган элдик милиция болушуна тилектештигин билдиришкен. Айрыкча милицияга ант берип жумушка киргенден кийин ак дилден кызмат өтөп, эл үчүн, коомдук тартипти камсыздоодо мыкты иштеш керектигин жана кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо зарылдыгын белгилешкен.

Жыйынды аяктап жатып Октябрь Урмамбетов кызматкерлерди элдин арыз-даттанууларын чечүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырып, кызматкерлердин күжүрмөн, кесиптик даярдыгы жогорку деңгээлде болуп, жетекчилик өздүк курамдын иштөөсүнө шарт түзүү менен биргеликте заман талабына ылайык иш алып баруу зарылдыгын жана Мекен, эл үчүн ак дилден, чынчылдык менен иштөө ар бир кызматкердин милдети экендигин белгилеген.

Жыйындан соң генералдар клубунун төрагасы баштаган топ Жалал-Абад ОИИБдин кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин  эстелигине барып, гүлчамбар коюп, куран окуп, эскерүү зыйнатын өткөрүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>