Жалал-Абадда “положенец” кармалды

05.07.2022 | 17:25

Жалал-Абад облусунда жаранга күч колдонуу менен унаасын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө адегенде коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон. Ала-Бука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын бул кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана “положенец” макамына ээ, Ала-Бука районунда 1990-жылы туулган А.Н. кармалды.

Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

[image_carousel source=”media: 142516,142517″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top