БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун дагы бир толкунуна даяр
05.07.2022 | 16:39
Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 дагы бир эпидемияга даяр. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ооруга чалдыккандардын саны көбөйсө, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында кызыл аймак ачылаары көрсөтүлгөн. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл болсо, башка ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча орундарды жайгаштырууга даяр.
Чиновниктер керебеттер жана дары-дармектер жетиштүү, ал эми дарыгерлердин тажрыйбасы бар деп ишендирип жатышат – алардын бардыгы COVID-19ну дарылоонун клиникалык протоколунан өтүшкөн.
Буга чейин Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирус жуктурган 48 учур катталганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар