Жалал-Абадда спорт интернат ачылат

Жалал-Абадда спорт интернат ачылат

Жалал-Абад шаарындагы №1 кесиптик лицейдин имараттары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, спорт интерантына даярдалып жатат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда имараттардын эшик-терезелерин, чатырларын алмаштыруу, суу жана саркынды суу тутумдарын жаңылоо жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мында спортчуларды даярдоого бардык шарттар каралып, жатакана, ашкана, окуу бөлмөлөрү, машыгуу залдары орун алат.

Спорт интернатынын курулушуна Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 117 млн сом бөлүнүп, сарпталууда. Курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, №1 кесиптик лицейдин 4,76 га жер тилкеси тагырагы, спорт интернаты министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы токтому менен Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүлгөн. Ал эми №1 кесиптик лицейдин окуучулары жана мугалимдер жамааты №36 жана №75 кесиптик лицейлерге которулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>