Кыргызстандын 2027-жылкы бюджетине жаңы чыгымдарды кошуу сунушталды Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралуудаБишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалдыКызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМКыргызстанда Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалдыGTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алды
Жалал-Абаддагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт
12.02.2024 | 22:23
Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган 1074 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, облустун Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад шаарынын жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилүүдө.
Башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертишүүдө.
Белгилей кетсек, 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишет, тургундардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар