Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Жалал-Абаддагы кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт
12.02.2024 | 22:23
Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында жашаган 1074 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, облустун Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад шаарынын жер көчкү жүрүү кооптуулугу бар аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү берилүүдө.
Башкармалыктын район-шаардык бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери жана жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кооптуу аймактан биротоло көчүп чыгуу керек экендиги эскертишүүдө.
Белгилей кетсек, 1074 үй-бүлө кооптуу аймакта күнүмдүк тиричилигин улантып келишет, тургундардын басымдуу бөлүгү Сузак районунда жайгашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар