Грузиядан Кыргызстанга мыйзамсыз унаа алынып келингени аныкталды

Грузиядан Кыргызстанга мыйзамсыз унаа алынып келингени аныкталды

«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери текшерүү иштеринин жүрүшүндө бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЕАЭБдин Кыргызстандын бажы аймагына Кыргызстандын «Т.Б.» аттуу жарандын дарегине Грузиядан 2018-жылы чыгарылган Toyota RAV-4 үлгүсүндөгү унаа алынып келинген.

Бажы контролунун жүрүшүндө аталган автотранспорттук каражат бажы жактан жол-жоболоштурулбастан, бажы контролунун аймагынан тышкары тышкары жайгашканы жана убактылуу сактоо кампасында убактылуу сактоо мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыктан аныкталган мыйзам бузууларды эске алуу менен, Кыргызстандын бюджетине, айыптык туумдарды кошкондо 352 327 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Факт каттоого алынып, материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>