Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Ошто суу маселесин чечүүгө 250 млн сом бөлүнөт
10.08.2022 | 09:42
Ош шаарында таза суу маселесин чечүү үчүн 250 млн сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” программасынын алкагында тиешелүү курулмаларды, куурларды салуу үчун 250 млн сомго тендер жарыяланган.
Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар болуп, алар аркылуу Ак-Буура дарыясы жаан-чачындуу мезгилде булгангандыктан, долбоордун алкагында диаметри 1000 мм болгон 2,4 чакырым суу линиясын тартуу пландалууда. Анын алкагындагы курулуш иштери 2 жылга созулат.
Мэриядан белгилешкендей, бул долбоор ишке ашкандан кийин шаардагы суу маселеси 70-80%га чечилет.
Бул долбоордун негизги максаты – нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде да калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом