Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулду. Бул тууралуу Бишкектен Жалал-Абад облусуна уча турган жүргүнчү «Акипресске» билдирген.
Анын айтымында, аба каттамы токтотулганына байланыштуу «Манас» аэропортунда чыр чыкты.
«Андан соң биз Ош шаарына учуп бардык. Ал жакта жүргүнчүлөр Жалал-Абадга жеткирүүнү талап кылышты. Жүргүнчүлөрдөн нааразычылык жок деп анкета толтурууну талап кылышты. Мындан улам жаңжал чыкты», — деди ал жана видео жөнөттү.
«Манас» аэропортунун маалыматына караганда, «Tez Jet» авиакомпаниясынын Бишкек—Жалал-Абад аба каттамы токтотулган.