«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, таза пайдасы 548 миллион долларды түздү27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдө
Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү күндөрү белгиленди
02.05.2023 | 11:43
Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө 20-майда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Жалпы республикалык тестирлөө төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:
I этап: 2023-жылдын 20-21-майында;
II этап: 2023-жылдын 23-24-майында;
III этап: 2023-жылдын 23, 24-июнунда – жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө.
“Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19-22-май жана 22-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом