Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Жамшитов: айлыктары аз, прокуратура кызматкерлерине ата-энелери жардам берет
21.05.2020 | 16:10
Айлыгы аз болгон үчүн бардык прокуратура кызматкерлерине ата-энелери жардам берет. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламент жыйынында айтты.
Депутат Тазабек Икрамов “айлык аз болгон үчүн прокуратура кызматкерлерин коррупциялык иштерге түртүп жаткан жокпузбу?” деген суроо берди.
“Убагында прокуратура кызматкерлери 200-300 сомдон айлык алып, батирде ижарага жашап жүрүшкөн. Баарыбызга ата-энелерибиз жардам берет. Мен ушинтип ойлойм. Коррупцялык иштерге аралашкан кызматкерлерге аёсуз күрөшөбүз”, – деп жооп берди Жамшитов депутаттын суроосуна.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун угуп, “канааттандырарлык” деген баа берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом