Жаңы министрлик түзүлүп, Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болду

Жаңы министрлик түзүлүп, Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болду

Кыргызстаныдын министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба тармактарын натыйжалуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн, алардын экономиканын башка тармактары менен өз ара байланышын эске алуу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги министрлик болуп түзүлдү.

Президенттин башка жарлыгы менен Курулуш агенттигин жетектеп келген Нурдан Орунтаев жаңы түзүлгөн министрликтин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.

Ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ролун жогорулатуу максатында Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп түзүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>