Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
Ысык-Көл: Бурма-Суу айылында сел жүрдү (видео)
13.07.2022 | 20:10
Бүгүн, 13-июлда Ак-Суу районунун Челпек айыл өкмөтүнүн Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн королорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктерин бекемделүүдөө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар