Жапаров: Бакиевдин учурунда “аты улук, супарасы курук” кызматта иштегем

Жапаров: Бакиевдин учурунда “аты улук, супарасы курук” кызматта иштегем

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда Таласта эл менен жолугушту. 

Анын алкагында эл тарабынан ага суроолор узатылып, талапкер аларга жооп берди.  Анда “Садыр Жапаровду Бакиевдер каржылап жатат” деген кептер айтылып жаткандыгын, ага өзү жооп берип коюсун өтүнүшкөн.

Жапаров аны эч ким каржылабагандыгын, Бакиев менен башка саясатчылардай эле ошол учурда иштешкендигин билдирди.

“Мени Бакиевдер каржылап жатат деген кептер карандай калп. Ушунча элдин алдында, кудай алдында ачык айтам эч кимден бир тыйын алган жокмун, каржылаган жок.  Убагында иштешкем, мен эле эмес Кыргызстандын 90 пайызы иштешкен. Бирок мен камчысын чаап, элдин кызыкчылыгына каршы келген мыйзамын колдоп берип же болбосо жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир маселелерин колдоп берген эмесмин. Мыйзам чегинде өзүмдүн милдеттеримди аткарып иштегем. Ооба Комиссар болуп иштегем, бирок ал кыргызда айтылгандай “аты улук, супарасы курук” кызмат болчу. Эч кандай тергөө жок, оперативдик иштерди кыла албайсың, жөн гана компьютерде мониторинг кылып отура турган. Бирок ага карабастан бир топ атка минерлердин былыктарын ачканбыз. Алар дагы деле КТРКнын архивинде сакталып турат”, — деди Жапаров. 

[su_image_carousel source=»media: 51850″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>