Жапаров Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн үч багытын айтты

Жапаров Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн үч багытын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясында шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы жогорудагы көйгөйлөрдүн ичинен өзгөчө ыш маселесине тийиштүү көңүл бурулбай жатканын белгиледи.

“Кышында бул биринчи маселеге айланат, жаз келээри менен унутуп калабыз. Мындай болбошу керек. Жайында кышка даярдык көрүү зарыл”, — деп баса белгилеген Акылбек Жапаров, бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бул маселени үч багытта чечүү керек:

— Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык фильтрлерине техникалык аудит жүргүзүү;

— калктуу конуштарды газдаштыруунун финансылык моделин иштеп чыгуу жана 14 күндүн ичинде берүү;

— борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын саны менен бирге автотранспорттук агымдарга көңүл буруу.

“Дүйнөнүн көптөгөн ири мегаполистеринде оор жүк ташуучу унааларга шаардын борбордук бөлүгүнө кирүүгө тыюу салынган. Бул түрдөгү унаалардын өтүүсү үчүн айланып өтүүчү жолдор жана түйүндөр бар. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүү керек. Биздин айдоочулар унаа токтотуучу жай катары унаанын жүрүүчү бөлүгүн, кээде тротуарларды колдонушат. Ар бир автобуска туура эмес токтотулган унааларды жазуу үчүн видеокамера орнотулушу керек. Бул кадам “Коопсуз шаар” линиясы аркылуу өткөрүлүп, айдоочуларга туура эмес токтоткондугу үчүн айып пул түрүндө берилиши керек”, — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптайт. Адистер мунун себебин шаардагы унаалардан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан оргуган түтүн менен түшүндүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>