Бишкек мэриясы унаа тыгындарын азайтуу үчүн 18 айланма жол курат

Бишкек мэриясы унаа тыгындарын азайтуу үчүн 18 айланма жол курат

Бишкек шаарынын бардык аймагында 18 айланма жолун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан шаардык мэриянын жумушчу кеңешмесинде мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Кеңешмеде шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Анда борбор калаанын башчысы  Бишкек шаарынын кеңейтилген коллегиясында мурда берилген тапшырмалардын алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ал таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишим түзүлгөнүн, ошондой эле кытай грантынын эсебинен каржылануучу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылуусун билдирди.

Анда шаардын бардык аймагында 18 айланма жолун куруу пландалып жатканы, алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрдөгү “унаа тыгындарын” азайта тургандыгы белгиленди.

Министрлер кабинетинин башчысы сунушталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, бардык аткарыла турган иштердин негизги максаты жарандардын жашоосун жакшыртуу экенин белгиледи.

“Бул өзгөрүүлөрдү ар бир жаран көрүп, сезиши керек. Азырынча чындыгында биз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү эскилиги жеткен тротуарларды, тыгындарды, чаңды, башаламан имараттарды жана көрнөк-жарнак илинген шаарды гана көрүп жатабыз. Бирдиктүү дизайн-кодун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө убакыт жетти. Биз талыкпай иштешибиз керек, ошондо гана жыйынтык болот”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>