Жапаров: Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөрттү

Жапаров: Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөрттү

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата Кыргызстан элине кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтарыбыз коррупциялашкан бийликти кулатканы эсиңиздерде.

Апрель элдик революциясынын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болду.

Дегеле Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калды. Дүйнө коомчулугу кыргыз эли жөнүндө көз карашын өзгөртүп, ар-намысы бийик, эркиндик менен акыйкатты сүйгөн эл катары таанып, баалай баштады.

Апрель элдик революциясында кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган жигиттерибиз — бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары.

Алардын ажалга тике караган эрдиктери канча мезгил өтсө да элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, кылым карыткан Кыргызстандын тарыхында ысымдары алтын тамга менен жазылып калары талашсыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес.

Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды.

Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз.

2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине дагы бир ирет таазим!

Элибизде ынтымак, Мекенибизде тынчтык болсун!».

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>