Өлкө башчысы: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу өлкө үчүн экинчи «Кумтөргө» айланат

21.07.2026 | 12:55
Глава КР: Железная дорога Китай — Кыргызстан — Узбекистан станет вторым «Кумтором» — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин өлкө туюк мамлекеттен транзиттик мамлекетке айланып, транзиттен түшкөн киреше «Кумтөрдөн» түшкөн кирешеге тең болорун билдирди.

«Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүткөндөн кийин бизди туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айлантат. Кытайды дүйнө менен байланыштырабыз. Биринчиден, өзүбүзгө дүйнөгө чыгуучу эшик ачабыз жана чыныгы көз карандысыз мамлекет болобуз. Экинчиден, транзиттен бүгүнкү күндө "Кумтөрдөн" алып жаткандай туруктуу киреше алабыз. Бул экинчи "Кумтөр" болот десек жаңылышпайбыз», — деди ал.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан туюк өлкө бойдон калууда.

«Биздин темир жолубуз да, автомобиль жолдорубуз да туюк. Ошондуктан экспорт менен импортко байланышкан бардык маселелерде башкаларга көз карандыбыз», — деп белгиледи Жапаров.

Ал темир жолду курууда Кыргызстан чет элдик адистердин жардамына муктаж экенин баса белгиледи.

«Өзүбүз адистерди даярдайбыз деп күтүп отурсак, ондогон жылдар өтүп кетет. Убакытты текке кетирбей ушул долбоорду баштадык. Дагы күтсөк, коңшу өлкөлөрдөн дагы ондогон жылдарга артта калабыз. Биз өнүккөн мамлекеттерден ансыз деле 100 жылга артта калдык. Саясат менен эле алек болуп жүрүп, коңшу мамлекеттерден да 10–15 жылга артта калдык», — деди президент.

Жапаров ошондой эле бул темир жолдун курулуп бүтүшүнө кызыкдар эмес күчтөр бар экенин айтты.

«Албетте, бул темир жолдун бүтүшүн каалабаган күчтөр көп. Алардын арасында өзүбүздүн ички деструктивдүү күчтөр да бар. Бирок мамлекеттин келечеги үчүн ага тоскоол болгон бардык күчтөрдү жеңишибиз керек. Эгер бул темир жолдун курулушу токтосо, мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз бүдөмүк болуп калат», — деди ал.

Президент жарандарды мындай чакырыктарга алданбоого үндөдү.

«Ошондуктан туура ой жүгүрткөн, келечекти көрө билген жарандарыбыз мындай чакырыктарды жасап жаткандарды акылына келтириши керек. Алар жаңылышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайда алып келе алышпаса, жок дегенде зыян келтиришпесин», — деди Жапаров.
Scroll to Top