Эксклюзив

Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар

21.07.2026 | 12:40
Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын түштүгү болгон ордолуу Ош шаары жаратылыш менен тарых уникалдуу ландшафтта айкалышкан аймак болуп эсептелет. Өлкөнүн түндүгүндөгү туристтик инфраструктурасы калыптанып калган Ысык-Көлдүн жээгинен жана башка жерлерден айырмаланып, түштүк аймак өзгөчө таасирлерди тартуулап, жаратылышка жакыныраак болууга мүмкүнчүлүк берет. Reporter.kg Кыргызстандын түштүк борбору болгон Ош шаарына жакын жерде жайгашкан бир күн убакытта барып келүүгө мүмкүн болгон негизги туристтик жайлардын тизмесин топтоду.

«Кыргыз-Ата» улуттук паркы

Ош шаарынан болжол менен 40 чакырым алыстыкта, Алай кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан. Бул жер Бишкектин тургундары жана туристтери арасында популярдуу болгон «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркындай эле шаар тургундары жана меймандары арасында абдан популярдуу.

Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар — иллюстрация

«Ала-Арчадагыдай» эле бул жерде да арча жана Тянь-Шань карагайлары көп өсөт. Парктын бир бөлүгү корукка бөлүнгөн. Ал жерде арчанын, шафрандын жана жоогазындын түрлөрү өсөт. Бул аймакта сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, кашкулак, кызыл суур, таш суусар жана тоо текелери, ошондой эле Кызыл китепке кирген ак илбирстер жашайт. Бул жерде татаалдыгы ар кандай жөө жана атчан сейилдөө үчүн ондогон жолдор бар. Туристтер арасында Кара-Кой жайлоосу, Калдай жана Мазар капчыгайлары популярдуу.

Түндүктөгү «тууганынан» айырмаланып, «Кыргыз-Ата» коругу, кооз жаратылышы жана таза абасы менен гана белгилүү эмес. Улуттук парктын аймагында дарылык касиети бар, келгендерди өзүнө тарткан Туя-Моюн жана Эски-Ноокат булактары жайгашкан. Ал эми парктын чек арасына жакын Туя-Моюн тоо массивиндеги Даңги капчыгайында байыркы адамдар калтырган жаныбарлардын сүрөттөрүн жана диний белгилерди көрүүгө болот. Кааласаңыз, улуттук парктын аймагындагы боз үйлөрдө же конок үйлөрүндө түнөп кетсеңиз болот.

Маанилүү: «Кыргыз-Ата» улуттук жаратылыш паркы статусуна ээ. Демек, кире бериште экологиялык жыйым төлөө керектигин билдирет. Ошондой эле өздүгүңүздү тастыктаган документ болушу шарт.

«Кара-Шоро» улуттук паркы

Ош шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Фергана кырка тоосунун түштүк-батыш капталында жайгашкан улуттук парк эс алуу үчүн гана эмес, ден соолукту чыңдоо үчүн да эң ылайыктуу жер. Эгер кымыз менен же минералдык суулар менен дарыланууну кааласаңыз, «Кара-Шорого» барсаңыз болот. Парктын аймагында 20дан ашык минералдык булак бар. Ошондой эле бул улуттук паркта карагайлуу, жаңгактуу жана арчалуу токойлор аркылуу жөө жана атчан жолдор менен бир күн сейилдөөгө болот.

Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар — контекст события

Маанилүү: «Кара-Шоро» улуттук жаратылыш паркы статусуна ээ. Мында да парктын кире беришинде экологиялык жыйым төлөө керек. Ошондой эле өзүңүз менен өздүгүңүздү тастыктаган документ болушу керек.

Арсланбап: байыркы жаңгак токою

Ош шаарынан 200 чакырым алыстыкта миллиондогон жылдык тарыхы бар дүйнөдөгү эң ири жаңгак-мөмө токою — Арсланбап жайгашкан. Кыргызстанжын токойлорунун падышасы Фергана жана Чаткал кырка тоолорунда 600 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Бул жерде жаңгактан тышкары жапайы алма, алча, кара өрүк жана башка мөмөлүү дарактар өсөт. Ошондой эле жаныбарлардын жана канаттуулардын ондогон түрү жашайт. Мунун баары бул жерди бейиштин бир бөлүгү деген уламыштардын жаралышына себеп болгон.

Кеңири тараган уламыштардын бирине ылайык, Арсланбап ыйык адам болгон. Ал Мухаммед пайгамбардын сахабаларынын бири болуп, жогору жактан жер бетинен бейишке ылайыктуу жерди табуу тапшырмасын алган. Кыргызстандын тоолорунан мындай жер табылгандан кийин, ага дарактарды өстүрүү үчүн үрөндөр жана мөмөлөр берилген. Ал өмүрүнүн акырына чейин дарактарга кам көргөн.

Бул жерге байланышкан экинчи белгилүү уламыш Александр Македонскийдин аты менен байланыштуу. Ал өз аскери менен бул жерлер аркылуу өтүп бара жатканда, белгисиз оорудан жабыркаган аскери жаңгактын жардамы менен айыгып кеткен. Македонский кереметтүү мөмөлөрдү өзү менен кошо алып кеткен. Кийин дүйнө аларды грек жаңгагы деген ат менен тааныган.

Арсланбап айылында токойлорго жакын жерде XVI кылымга таандык мавзолей-күмбөз бар. Ал бак өстүргөн багбандын урматына курулган. Жергиликтүү тургундар ал адам бул жерди азыркыга чейин коргоп турат деп ишенишет. Айылга жакын жерде ыйык деп эсептелген эки суу булагы — Арсланбаптын Чоң жана Кичи шаркыратмалары бар. Бул жерлерге өлкөнүн бардык аймактарынан адамдар изги тилектери менен келишет.

Бир күндүк стандарттуу туристтик маршрут коруктун аймагында бир нече саат сейилдөөнү камтыйт, бирок кааласаңыз, бул жерде бир нече күнгө чейин калып калсаңыз болот. Ал үчүн шарттар каралган.

Маанилүү: Арсланбап улуттук жаратылыш коругу статусуна ээ. Андыктан кире бериште экологиялык жыйым төлөө керек. Ошондой эле өздүгүңүздү тастыктаган документ ала барууңуз зарыл.

Лаглан каньондору

Кызыл түстөгү Лаглан каньондору Ош шаарынан болжол менен 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Марс жана Жомок каньондорунун жакын туугандары. Кезинде, миллиондогон жылдар мурун, бул жерде дарыялар агып турган. Азыр болсо бул жерде кызыл кум жана кадимки кумдан жана чоподон жаралган, бийиктиги бир нече метрге жеткен өзгөчө табигый түзүлүштөр бийиктеп турат. Каньондорго бара жаткан жолдо кооз ашууларды жана жайлоолорду гана эмес, Папан суу сактагычын да көрүүгө болот.

Маанилүү: Эгер туристтик топ менен барбай турган болсоңуз, бул жерге жолтандабас унаа менен барганыңыз оң. Лаглан каньондоруна барчу жол негизинен татаал шагылдуу жана топурактуу жолдордон өтөт.

Туя-Моюн үңкүрлөрү

Өзгөчө жерлерге кызыккан, караңгылыктан жана тар жерлерден коркпогон адамдар Ош шаарынын айланасындагы үңкүрлөргө бара алышат. Шаардан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Туя-Моюн тоо массивинде жер алдындагы бир катар өтмөктөр бар. Алардын ичинен эң белгилүүлөрү — Ферсман, Чоң Барит, Ажыдаар-Үңкүр, Чоң-Чуңкур жана Сюрприз үңкүрлөрү.

Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар — фото 8

Ажыдаар-Үңкүрдө Кыргызстандагы эң көп жарганат жашайт. Ал эми Чоң Барит үңкүрүнөн ушу күнгө чейин табигый барит менен мрамор оникс таштарын көрүүгө болот. Жер алдындагы жолдору 2,5 чакырымдан ашыкка созулган Ферсман үңкүрү болсо — Кыргызстандагы эң терең үңкүр

Бул жерде XIX кылымдын аягында, Россия империясынын тушунда, геологиялык чалгындоо учурунда радий табылган. Кийин үңкүр жана жалпы эле тоо массиви советтик атомдук программа үчүн уран жана радий кендеринин булагына айланган. Ошондой эле Ферсман үңкүрү жарганаттардын кыгынан пайда болгон гуанонун ири топтолгон жерлери менен белгилүү. Анын экологиялык жана илимий мааниси жогору. Бирок үңкүрдө радиация болгондуктан, гуано ал жерден көп өлчөмдө алынбайт.

Маанилүү: Туя-Моюн үңкүрлөрүн изилдөө үчүн тажрыйбалуу гид жана атайын жабдуулар керек. Ал жакка жалгыз же тажрыйбалуу гид-спелеологсуз топ болуп баруу өмүргө кооптуу. Үңкүрлөргө барчу жолдор коопсуз эмес. Ал эми үңкүрдүн ичинде адашып калуу же кулап кетип, олуттуу жаракат алуу оңой.

Чил-Устун үңкүрлөрү

Бул кристаллдар, сталактиттер жана сталагмиттер жайгашкан, жашы 350 миллион жылдан ашкан үч карсттык үңкүрдөн турган уникалдуу система Ош шаарынан болгону 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чил-Устунду көрүү үчүн 3 чакырымдан ашык татаал жана тик жолду басып өтүү керек. Айрым жерлерде дээрлик 100 метрлик жар үстү менен жүрүүгө, айрым жерлерде болсо тик асканы ашып өтүүгө туура келет. Андыктан бул жерге жалгыз жана өз алдынча саякаттоого таптакыр мүмкүн эмес.

Жаратылыш парктары, токойлор жана үңкүрлөр: Оштогу бир күндүк турлар — фото 9

Узундугу 400 метр болгон үңкүрлөрдүн ичи татаал жана чаташкан. Ал жерде кескелдириктер, жыландар жана жарганаттар жашайт. Алардын уя салган жерлерин жергиликтүү гиддер билишет. Ошол эле учурда Чил-Устун Борбор Азиядагы эң кооз үңкүрлөрдүн бири деп эсептелет жана ага сөзсүз барып көрүүгө арзыйт.

Маанилүү: Чил-Устунду изилдөө үчүн сөзсүз тажрыйбалуу гид, альпинисттик жабдуулар жана мыкты физикалык даярдык керек. Ал жакка жалгыз же тажрыйбалуу гидсиз баруу өмүргө кооптуу.

Елена Короткова

Теги: туризм
Scroll to Top