Орусияда апасы сатыкка койгон баланы Кыргызстанга алып келишти

Орусияда апасы сатыкка койгон баланы Кыргызстанга алып келишти

Орусиянын Екатеринбург шаарында апасы сатууга аракет кылган бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылы аны сатуу аракетинен кийин бала ата-энесинин камкордугусуз калып, убактылуу мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине жайгаштырылган. Апасы А.Н. беш жылга эркинен ажыратылган.

«Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук бала менен анын апасына карата соттук териштирүүгө катышып, баланы мекенине алып келүү жана Кыргызстанга кайтып келүү үчүн документтерди тариздөө маселесин иштеп чыкты. Ал Эмгек министрлигинин кызматкеринин коштоосунда мекенине кайтарылды», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, 2022-жылы Екатеринбургда баласын карызынан улам 300 миң рублга сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалган. Аялга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эне бул аракетин уулуна «жакшы жашоо» менен камсыз кылуу каалоосу менен түшүндүргөн. Жети жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылган. Жыйынтыгында эне беш жылга эркинен ажыратылган.

Россияда 7 жашар баласын сатууга аракеттенген кыргыз келин соттолду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>