Жапаров: Миң-Кушка караганда Жогорку Кеңеште радиациялык фон жогору

Жапаров: Миң-Кушка караганда Жогорку Кеңеште радиациялык фон жогору

Миң-Кушта жана андан ылдыйкы зонада радиациялык фон боюнча эч кандай кооптонуу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жүк ташуучу унаанын айдоочусу катасынан машина сайга түшүп кеткен.

«Бирок, эч кандай зыян болгон жок. Миң-Кушка дагы, ылдыйда жер суугарган дыйкандарга дагы коркунуч жок. Сиздер билесиздер парламенттин айланасында радициялык фон Миң-Кушка караганда жогору», — деди ал.

Акылбек Жапаров анткен менен  атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын күтүүгө чакырды. Анын маалыматында, айыл үстүндө жайгашкан «Туюк-Суу» уран калдыктары көмүлгөн жай башка коопсуз жерге көчүрүлүүдө.

Белгилей кетсек, Миң-Куштагы кырсык 1-июнда болгон. Уунадагы зыяндуу заттардын жерге, сууга түшкөн түшпөгөнүн иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Парламенттин депутаттары торий казып алууга башталса, чийки затты ташууда коопсуз чараларына талапты күчөтүүнү сунушташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>