Жапаров Путинди туулган күнү менен куттуктады

Жапаров Путинди туулган күнү менен куттуктады

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Орусия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты.

Өз кезегинде орус президенти Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>