Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна барып, аймактын өнүгүшү боюнча баяндамаларды угатAsman Airlines авиабилеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемесин ишке киргизди22-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирди
Жапаров Түптүн акимине сөгүш берди
30.05.2023 | 14:11
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди.
Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, президент Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.
Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.
“Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат”, – деди Султанбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом