Президент Жапаров Эрдоган менен жолугушту

Президент Жапаров Эрдоган менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгын талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөнү сөз кылышкан.

Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Эскерте кетсек, кечээ, 29-сентябрда Жапаров Изник шаарында өткөн Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>