Жапарова жана Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо борборуна барды

Жапарова жана Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо борборуна барды

Бүгүн, 27-сентябрда cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө борбордун жетекчилиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын сөөк чучугун трансплантациялоо операцияларын киргизүү тууралуу маалымат берди.

Онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Кыргызстанда акыркы жылдары илдеттин көбөйүп жатканын, бирок ал бул оорунун нагыз көбөйүшүнө байланышы жок экенин билдирип, мунун себебин диагностиканын жакшырышы жана статистиканын өркүндөтүлүшү менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө илдетти аныктоо 50%га өсүп, жылына 120дан 180ге чейин жеткен. Кыргызстанда жыл сайын 50-60ка чейин бала сөөк чучугун трансплантациялоого муктаж (бул нозологиялар: онкогематология, онкология, гематология, тубаса иммуножетишсиздиктер, ар кандай тубаса генетикалык патологиялар). Бул топтун ичинен 20 бала аутотрансплантацияга, 40 бала аллогендик трансплантацияга муктаж. Чет өлкөдө (Түркияда, Россияда) аллогендик трансплантациянын баасы 100 миң АКШ долларына чейин жетет. Борбор алгач аутотрансплантацияларды уюштуруп, өркүндөтүлгөндөн кийин сөөк чучугунун аллогендик трансплантациясына өтүүнү пландаштырууда.

А.Бейшеналиев белгилегендей, алгачкы этапта аутологиялык трансплантациялоо операцияларын киргизүү үчүн афферездик аппаратты жана азот үчүн криоцилиндрлерди сатып алуу зарыл. Учурда түркиялык өнөктөштөр менен керектүү медициналык жабдыктарды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана буга катар эле жакынкы аралыкта кыргызстандык адистерди сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча окуудан өтүү үчүн Түркияга жөнөтүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>