Жапония Кыргызстандагы айрым ГЭСтерди жаңылап берүүгө даяр

Жапония Кыргызстандагы айрым ГЭСтерди жаңылап берүүгө даяр

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева 17-февралда Мацунага Шоко баштаган “Йокогава Электрик” корпорациясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу паралменттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Жапония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутат Карим Ханджеза жана Кыргызстандын Жапониядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эркинбек Осоев  катышты.

Баарлашуунун жүрүшүндө төраганын орун басары Джамиля Исаева Жапония менен алакаларды арттыруу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп: “Калыптанган достук байланыштарды мындан ары да чыңдоо башкы максатыбыз. Айрыкча, биргелешкен аракеттерди улантып, анын ичинен  энергетика тармагы боюнча керектүү долбоорлорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Анткени, биздин өлкө жаңы ГЭСтерди курууга, энергиянын кошумча булактарын иштеп чыгууга ылайыктуу”, – деди.

Ошондой эле Жапония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Кыргызстан жапон ишкерлер менен жигердүү иш алып барууга кызыкдар экендигин айтып, жапон ишкерлеринин энергетика тармагына инвестиция салуу тууралуу демилгесин колдой турганын кошумчалады.

Өз кезегинде Мацунага Шоко “Йокогава Электрик” корпорациясынын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, аталган компания Кыргызстандагы айрым ГЭСтерди сапаттуу түрдө жаңылап берүүгө даяр экендигин билдирди.

Ага ылайык, жолугушууда Күрпсай ГЭСин модернизациялоо маселеси талкууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>