Оштогу балдар үйүндө 5 жашар кыз сабалды. Ишти прокуратура карайт

Оштогу балдар үйүндө 5 жашар кыз сабалды. Ишти прокуратура карайт

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Ош шаарындагы «Лотос» балдар үйүнүн тарбиялануучусуна ырайымсыз мамиле жасоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы билдирди.

«Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнө «Лотос» балдар үйүнүн кызматкери тарабынан 5 жаштагы С.Р. аттуу тарбиялануучуга ырайымсыз мамиле жасалгандыгы тууралуу видеотасма келип түшкөн. Окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүлгөн. 10-февраль күнү балдар үйүнө профилактикалык иш сапар болуп, ага Ош шаарынын прокуратурасынын өкүлү, юстициянын майору Аида Самаева да катышты.

 Аталган комиссия мекеменин жетекчиси Рахат Аманова менен маек курду. Ага денесинде көгөргөн тактар ​​​көрүнүп турган кичинекей кызга жасалган катаал мамиле тууралуу суроолор берилди.

Мекеменин директору кыздын колунда жана далысында көгала тактар ​​ал директор урушкан балдарды тынчтандырууга аракет кылып, С.Р.ны алып кеткендигинен улам пайда болгонун айтып жооп берди. Директордун колдорунда маникюр болгондуктан балдардын сезгич териси кокустан жабыркап калган», — деп айтылат билдирүүдө. Белгиленгендей, директор жабырлануучунун бетинде көк ала так бар экенин түшүндүрө алган эмес. Аманова так жооп бербей, бул фактыны четке каккан.

«Ошол эле учурда ал кыз жөн эле жыгылып калганын айткан. “Лотос” балдар үйүнүн директору менен да, тарбиялануучу менен да болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын мүчөлөрү Аманова тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалган деген тыянакка келишти», — деп жыйынтыктады аталган мекемеден.

Чогултулган материалдар кароо жана чара көрүү үчүн Ош прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>