Таш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылдыКыргызстанда калкка сатылуучу көмүрдүн баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилдиЫсык-Көлдө «Ак Илбирс» илимий-изилдөө реабилитациялык борбору ачылдыБишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестринин концерти өттү
Жапонияда балыкчылардын кемеси жоголду
28.08.2019 | 17:22
Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралына жакын жерден балыкчылардын кемеси жоголду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, кеменин бортундагы 7 адамдын үчөө Жапониянын, төртөө Индонезиянын жарандары болгон. Акыркы жолу байланышка чыккан кеменин капитаны чоң толкунга кабылып, кеме кыйшайып калганын айтууга үлгүргөн. Ошол бойдон ал байланышка чыккан эмес.
Тагыраагы окуя Кусиро портынан 90 чакрым жерде болгон. Учурда окуя болгон аймакка куткаруучулар жиберилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар