Жапырт камоолор: Бешөө камакта калтырылды

Жапырт камоолор: Бешөө камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп айыпталган саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын узартуу маселесин карады.

Сот «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановду, активисттер Улукбек Маматаевди, Таалайбек Мадеминовду жана Чыңгыз Капаровду камакта калтырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус Абылов менен Перизат Суранова ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>