Жапырт камоолор: Илгиз Шаменовго жаңы айыптар тагылууда

Жапырт камоолор: Илгиз Шаменовго жаңы айыптар тагылууда

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Ильгиз Шаменовдун баш коргоо чарасын узартуу маселесин карап жатат.

Илгиз Шаменов ага жаңы айыптар тагылганын билдирди.

«Мени 20-апрелге чейин камакка калтырды. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз иликтөө жүргүзүүдө. Мага жаңы айыптар коюлуп жатат. Жарандык иштерди кылмыш ишине айлантып жатат.  2020-жылы социалдык тармакта жарыяланган посттор боюнча кароодо», — деди Илгиз Шаменов.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>