Жаран 64 миң $ салган: «Алтын коиндин» түзүүчүлөрү кармалды

Жаран 64 миң $ салган: «Алтын коиндин» түзүүчүлөрү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Алтын коиндин» түзүүчүлөрү жана администраторлору кармалды. Алар өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын 16-августунда жабырлануучу милицияга мессенжерлердин биринде түзүлгөн «Алтын коин» тобунун администраторлоруна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

“2022-жылдын февраль айында криптовалютаны сатып алуу жана аны накталай акчага айлантуу шылтоосу менен Бишкек шаарынын тургунунан 64 миң 600 доллар алып, андан кийин дайынсыз болуп кетишкен. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Анын алдында шектүүлөр аныкталып, милиция тарабынан кармалган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы А.С. кармалган. Октябрь райондук соту аларга карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Экинчи шектүү Т.А. үй камагына бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ аталган жарандардан жапа чеккен жана алар тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0701002688, 0500030200, 0709843307 телефон номурларына же 102 кызматына байланышууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>