Жарасул Абдураимов «Кыргызалтындын» жетекчиси болду

Жарасул Абдураимов «Кыргызалтындын» жетекчиси болду

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчиси Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал бүгүн министрлер кабинетинин башчысы менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан дайындалды.

Эске салсак, Жарасул Абдураимов 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта директордун жергиликтүү сатып алууларды өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп, Ысык-Көлдө өнөр жайды өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү долбоорун жетектеген.

Экономикалык өнүгүү министрлигинин техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы да болгон. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июлуна чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

2021-жылдын июлунан 2022-жылдын январына чейин Экономика жана соода министринин орун басары болуп иштеген. Учурда «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчиси.

Буга чейин Умбетали Кыдыралиев «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>