Жарасул Абдураимов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Абдураимовду кызматкерлерге вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров тааныштырганы белгилүү болду.
Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Кесиби боюнча экономист.
Ал Каныбек Осмоналиевдин бир тууган иниси.