Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Конституцияга ылайык келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.

Алсак, Мыйзам «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды Кыргызстандын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргызстанда нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргыз Республикасынан чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча Бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр анын жоболорун Конституцияга жана Салык кодексине ылайык келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана статусун ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>