“Жашыл зоналарда” мектептер кадимкидей иштейт

“Жашыл зоналарда” мектептер кадимкидей иштейт

“Жашыл зоналарда” мектептер кадимкидей иштейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

“Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген аймактарда (“жашыл зоналарда”) менчигинин түрүнө, тибине карабастан 1 — 11-класстарда окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлѳт. Окуучулардын саны абдан аз болсо, “нѳѳмѳт” класстар ачылышы мүмкүн”, — деди Жусупбекова.

Ал эми эпидемиологиялык кырдаал курч аймактарда (“кызыл зона”) санитардык — эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ жана жергиликтүү бийлик органдарынын корутундуларынын негизинде 1-11 — класстарда окутуу дистанттык формада ѳткѳрүлѳт.

Мында мугалимдер телеканалдарда көрсөтүлгөн видеоматериалдарды пайдаланып онлайн сабактарды өткөрүшөт жана окуучулар менен пикир байланышты уюштурушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>